Айрым айдоочулар өз билемдик менен жол кирени көтөрүп жиберишти
Новость

Бишкекте жол кире акысын өзүм билемдик менен 15 сомго кымбаттаткан маршрут айдоочулары мыйзамга ылайык жооп берет, - деп билдирди мэриядан. 

Алардын маалыматы боюнча, жол кире акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги «Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер жөнүндөгү» токтомуна ылайык, мурдагыдай эле – 10 сомду түзөт. 

«Урматтуу шаардыктар кичиавтобустардын айдоочуларынын тарифтерди кымбаттатып эл ташыганына күбө болсоңуздар, 0554 182 185 ватсап номери аркылуу видеофакт жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз», - деп айтылат маалыматта.