Билим берүү жана илим министрлигинде илимий чөйрөнүн көйгөйлөрү талкууланды
Новость www

Билим берүү жана илим министрлигинде “Илимий жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоогу актуалдуу маселелер” деген аталышта жыйын өттү. 

ЖОЖдордун проректорлору жана аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышкан иш-чаранын максаты - илимий чөйрөдөгү көйгөйлөрдү жоюуга арналды. Жаңы сунуштарды киргизүү менен мыйзамдар кайрадан иштелип чыгат. Катышуучулардын айтымында, айрыкча аспирантура программасын жакшыртууга басым жасалат.