Кыргызстан элди ички өндүрүштүн эсебинен картошка, сүт жана эт азыктары менен гана камсыздай алат
Новость

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги азык-түлүк продукцияларынын наркын элге ылайыктуу кылып турукташтыруу аракетин көрүүдө. Жагдайды жеңилдетүү максатында 1-июндан тарта сырттан келген азык-түлүк товарларынын айрымдарынан кошумча нарк салыгын албай туруу сунушталды. Учурда Министрлер Кабинетинин ушундай мазмундагы токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.