Бишкекте COVID боюнча Call-борбор убактылуу иштебейт
Новость

Бишкекте болгон катуу шамалдан улам телефон линиялары үзүлүп, коронавирус боюнча консультация берген 118 Call-борбору иштебей калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Учурда линиялар туташтырылып жатат. Борбор чалууларды ӨКМдин 112 номери аркылуу убактылуу кабыл алмай болду.