Кыргызстанга 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алынып келди.
Вакцинаны тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри катышты. Марипов өз сөзүндө Кытай тарабынан акысыз негизде Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келгендигин айтты. Андан тышкары, Кыргызстан кытайлык вакцинанын 1 млн 100 миң дозасын сатып алды. Министрлер кабинетинин бул кадамы Кытайдын өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын эмдөө темпин тездетүүгө жана COVID-19 менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет. Бишкек мэриясы бүгүн саат 17:00дөн тарта Курманжан датканын эстелигинин жанынан коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө шаардыктарды чакырууда. Каалоочулар паспорту менен келип вакцина алышса болот.