Казакстандын Алматы шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачаары болду. Иш-чара ДКОнун Катчылыгы жана Казакстандын “Көчмөн цивилизациясынын мурасы” - деп аталган эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. ДКО Катчылыгынын өкүлдөрү иш-чарага келгендерге бул ири оюндун максаттары тууралуу айтып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандыруудагы мааниси жана орду тууралуу кеңири маалымат беришти.
Көчмөндөр оюну Казакстанда тааныштырылды
11 Авг 2016
, 6:46
3499