Кыргызстанда эмдөө компаниясы башталгандан бери вируска каршы 700 миңге чукул адам вакцина алды. Акыркы бир күндө 5 миң 777 адам эмдөөдөн өттү. Министрлик күзгө чейин калктын 70 пайызын эмдеп, жамааттык иммунитет жаратууну көздөөдө. Буга байланыштуу «Кыргызстан - жашыл аймак» интерактивдүү картасы да ишке кирди. Бул эмдөөдөн өткөндөр боюнча маалымат алууга өбөлгө болот.
Кыргызстанда эмдөө компаниясы башталгандан бери вируска каршы 700 миңге чукул адам вакцина алды
9 Авг 2021
, 21:43
921