Учурда аймактарда юридикалык жардам көрсөтүүчү 33 борбор иш жүргүзүүдө
Новость www

"Тилектештик автобусу" өнөктүгүнүн алкагында жыл башынан бери 4600дөн ашуун жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. 

Жер-жерлерде санитардык талаптарды сактоо менен ачык асман алдында атайын укуктук кеңеш берүүлөр уюштурулган. Мекеме өнөктүктү дагы улантат. Учурда аймактарда юридикалык жардам көрсөтүүчү 33 борбор бар.