Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти
Новость www

Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди. 

Ушу тапта ооруканада 31 киши дарыланса, анын бешөө балдар. Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан тамак жегенин кабарлаган. 

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан жайларды текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды. Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы айып суммасы 30 жарым миң сомдук беш протокол түзүлгөн.