Этникалык кыргыздарга Алай ройонунда шаарча курулат
Новость www

Ооганстандын кичи жана чоң Памиринде жашап жаткан кыргыздарга Ош облусунун Алай ройонунда шаарча курулат. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди. Шаарча 350 үй-бүлөгө ылайыкташат. Президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык абалды жакшыртуу” боюнча Жарлыгы жеке эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын гана эмес, этникалык кыргыздардын да абалын жакшыртууга багытталган.