Улуттук банк 50 миллион доллар интервенция жасады
Новость www

Улуттук банк валюта рыногуна 50 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына чыкты. Бул октябрь айындагы экинчи интервенция. 

Буга чейин 30 миллион доллар сатылган болчу. Быйыл Улуттук банк сегиз жолу интервенция жасап 391 миллион 350 миң доллар сатылган. Учурдагы сатуу акыркы алты айдагы ири жана өлкөнүн башкы банкынын тарыхындагы эң чоң суммадагы интервенциялардын бири болду. 

Эске салсак, эң көлөмдүү интервенция - 62 миллион 250 миң доллар ушул жылдын апрель айынын аягында жасалган. Valuta.kg порталындагы маалыматтарга ылайык, акыркы эки күндө доллардын курсу сатыкта өзгөрүүсүз калды. Ал эми сатып алуу бейшембиге салыштырмалуу 29-октябрда үч тыйынга арзандаган.