Мындан ары мекеме-ишканалардагы өлкөнүн желектери "Кыял" мамлекеттик ишканасынан даярдалышы ыктымал. Аталган жай бул боюнча Министрлер Кабинетине кат жиберген. Сунуш колдоо тапса, мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жеке желек даярдаган ишканаларга буйрутма бере алышпайт.
Өлкөнүн борборунан баштап, республиканын булуң-бурчунда желбиреп турган тууну даярдоо оңой эмес. Бүгүнкү күнө бул жерде айына ар кандай көлөмдөгү 50 туу чыгарылууда. 30 жыл мурда Кыргызстандын алгачкы туусун даярдоого катышкан Ольга Величко желек жасоодо кылдаттык талап кылынарын белгилейт. Алгач лазердик машина менен туунун ортосундагы түндүк даярдалат.
Даяр болгон түндүк тайманбастыктын символу болгон кызыл түстөгү кездемеге жайгаштырылат. Желектеги түндүк кездеменин узунуна, туурасына жараша кылдаттык менен түшүрүлөт. Эң негизги талап нурлар сол жакты, флагштогту карап турушу керек.