Ош шаарында тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр коюла баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун негизинде тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр "Курманжан-Датка", "Манас-Ата", "Сулайман-Тоо" жана "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына орнотулууда. Шаардык мэриядан бул үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан жасалып берилгендигин кошумчалашты.
Ош: тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр орнотулууда
20 Май 2022
, 11:13
387