Коррупция менен күрөшүү, мыйзамсыздыкты жоюу аракеттери жарандар менен биргеликте гана ишке ашат. Ар бир жаран жоопкерчилик менен аракет жасаса, көйгөйлөргө чекит коюлат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ала-Бука районунун тургундарынын суроосуна жооп берип жатып белгиледи. Президенттин тапшырмасына ылайык, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилери жер-жерлерди кыдырып, элдин көйгөйүн угуп жүрөт.
К. Зулушев, Б. Төрөбаев жана У. Ниязбековдун эл менен жолугушуусу Ала-Бука районунда өттү
11 Июль 2022
, 21:37
557