Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайлары чет мамлекеттердин алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташып, билим берүү боюнча тажрыйба алмашат. Мындай чечим Ректорлордун бүткүл дүйнөлүк биринчи форумунун алкагында өткөн "ЭКСПО-2022" эл аралык билим берүү көргөзмөсүнүн жүрүшүндө жетишилди. Көргөзмө Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уюштурулду.