Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-6-февраль күндөрү кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. ӨКМдин маалыматына ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунда, Чапчыма ашуусунда, Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. “Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыз. Жолдогу абал жана кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз”, - деп айтылат маалыматта.