2022-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны эки эсе өстү. Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка ылайык, алардын айрымдары гана иш сапар менен келбесе, көпчүлүгү эс алуучулар. Жагдайды серепчилер Кыргызстанда адал индустриянын талаптары жанданганы менен байланыштырууда. Анткени буга чейин өлкөгө эң көп келген Өзбекстан, Казакстан жана Орусиянын жарандары болсо, былтыр Араб Эмирлигинен келген меймандардын саны 30% жогорулаган.