“Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөө алынды
Новость

Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторундагы чектөө алынды.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180 миң куб метр кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14 миң 400 куб метр кар көчкү түшүп, саат 19:50дө толук тазаланып, ачылды. "Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды", - деп айтылат маалыматта.