Сүйүнбек Касмамбетов Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады
Новость

8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз улуттук филармониясында майрамдык концерт өттү. Иш чарага миңден ашуун айым катышты. Арасында эмгек сиңирген мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, маданий ишмерлер, баатыр энелер бар. Аларды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктады.