Кыргызстанда буга чейин жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу адалдоо жана мунапыс боюнча аракеттер 3 жолу көрүлгөн. Бирок алардан майнап чыккан эмес. Буга мал-мүлкүн ачыктай турган жеке тараптарга кепилдиктердин жокко эсе болушу жана өлкөдө орун алган ар кандай саясий окуялар негиз болгон. Бул сапар болсо кепилдиктер жана башка тиешелүү шарттар жетиштүү дешет адистер.
Активдерин жаап-жашырып келгендер ачыкка чыктыбы?
6 Авг 2023
, 17:37
268