Нью-Йорк шаарында АКШ президенти Джо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу күтүлүүдө. Алдын-ала маалыматтарга караганда, 6 тараптуу форматта өтө турган бул саммитте экономикалык алакалар, чөлкөмдөгү коопсуздук жана экология маселелери көтөрүлөт. Ал арада бир топ талдоочулар бул жолугушууда геосаясий маселелер да козголот деп белгилешүүдө.
АКШ президенти Джо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу күтүлүүдө
19 Сент 2023
, 21:31
239