Баткен шаарынын ички көчөлөрүндө белгиленген кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жолдор кеңейтилүүдө. Учурда шаардагы 3 көчөдө жолдор кеңейтилип жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, суу арыктары үчүн түтүктөрү орнотулууда. Курулуштун жалпы сметалык баасы 10 миллион сомдон ашты. Каржы булагы мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланды.
Баткен шаары барган сайын жакшырууда
10 Окт 2023
, 21:48
374