Ноокат районунда селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тараткан маалыматына ылайык, сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды. Маркумдун аты-жөнү такталууда. Сел агызып каза тапкандардын көбү өспүрүмдөр. Расмий маалыматта алар 19, 16, 12, 11 жана эки өспүрүм 8 жашта болгону көрсөтүлгөн.
Селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти
30 Июнь 2024
, 9:00
773