40 райондон 40 туристтик борбор ишке кирет
Новость

“40 райондон 40 туристтик борбор” долбоорунун алкагында 33 эс алуу жайы иш баштады. Жалпы 200гө жакын объект талдоого өтүп, алардын ичинен талапка жооп берген 63 туристтик жай тандалып алынган.

Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу капчыгайы да долбоорго кирген аймактардын бири. Сары-Өзөндүн батыш тарабындагы бул кооз жайга жыл сайын миңдеген адамдар эс алуу үчүн келишет. Мурда таштанды маселеси жана табиятка туура эмес мамиле көйгөй жаратса, азыр туристтик борбордун ачылышы менен мындай көрүнүштөр жөнгө салына баштады. Эми меймандар ыңгайлуу шарттары бар эс алуу жайында эс алып, жаратылышты таза сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

Эс алуу жайы быйыл жазында ачылып, алгачкы конокторун кымыз менен тосуп алган. Жайкысын көлмө жасалып, өзгөчө балдардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланды. Мындан тышкары, кышкысын келе турган коноктор үчүн дагы муз аянт куруу пландалууда. Ошентип, борбор жылдын төрт мезгилинде тең эс алуучуларды кабыл ала турган жайга айланууда.

Жаңы ачылган бул туристтик борбор “40 райондон 40 туристтик борбор” долбоорунун алкагында Жайыл районун таанытып жатат. Белгилей кетсек, долбоордун негизги максаты – туризм тармагын өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана конок тосуу маданиятын жогорулатуу.

Жакынкы күндөрү дагы бир катар жаңы эс алуу жайлары ишке кирери күтүлүүдө.