Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатат. Былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1 миллиард 473 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 7,4%га өскөн. Анын ичинен экспорт 495 миллион долларга чукулдап, импорт 979 миллион долларга жеткен.
Быйылкы жылдын алгачкы алты айында өз ара соода жүгүртүү 566 миллион доллардан ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га өстү. Импорт көлөмү 423,8 миллион долларды түзсө, экспорт 142,6 миллион долларга жетип, 13%га кыскарган.
Кыргызстан Казакстанды көздөй айыл чарба продукцияларын, чийки өндүрүм, желим товарларды, текстиль, керамика, айнек, баалуу металлдардын рудасын, концентраттарын жана башка товарларды экспорттойт. Ал эми коңшу өлкөдөн импорт катары - тамак-аш азыктары жана айыл чарба чийки заты, мунай продуктылары, көмүр, органикалык эмес химиялык заттар келет.
Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы ЕАЭБ жана Эркин соода аймагынын алкагында жүзөгө ашырылып келет жана тиешелүү көрсөткүчтөр жылдан жылга өсүп барууда. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода айлантуу 2020-2024-жылдар аралыгында дээрлик 2 эсеге өскөн. Алдыга товар жүгүртүүнүн көрсөткүчүн көбөйтүү үчүн жаңы конкреттүү максат коюлган. Ал - 3 миллиард долларга жеткирүү.