Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди.
Бүгүнкү күндө имаратта масштабдуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ички конструкциялар демонтаждалып, жаңы терезе блоктору орнотулууда. Жылытуу жана санитардык-техникалык коммуникация системалары жаңысына алмаштырылууда. Санитардык түйүндөрүндө жана тиешелүү лабораториялык бөлмөлөрдө кафель плиткалары төшөлүп, оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Саламаттык сактоо министри бир ай мурда оорукананын оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышкан.
Февраль айында аталган ооруканадан өрт чыгып, анын кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Андан тышкары 9 адам иске ууланган.