Бишкекте апасынын өлүмүнө шектелип уулу кармалды
Новость

Бишкекте апасынын өлүмүнө шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары өзүнүн уулу кармалды. Ага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 122-беренеси (өлтүрүү) боюнча айып тагылды.

Биринчи май райондук соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды. Ага карата зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда.