Нарын районунун Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган Куюш көпүрөсү жарактан чыгып, убактылуу каттоо токтогондугуна байланыштуу, элет калкына ар тараптан колдоо көрсөтүп, маселелерин жеринде чечүү аракеттери жүрүүдө.
Райондук бийлик айыл элинин саламаттыгы үчүн көчмө клиника уюштуруп, учурда УЗИ дарыгери, педиатр жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жеринде кызмат көрсөтүп, медициналык кеңештерди берип, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул үчүн Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунан 7 дарыгер, бир тез жардам унаасы тартылган. Ал эми райондук бийлик дарыгерлерди жеткирүү жана элге кызмат көрсөтүү үчүн бир кызматтык унаа уюштурган. Жаңы көпүрө салынып бүткүчө дарыгерлер тынымсыз режимде иштеп, элеттиктердин саламаттыгын көзөмөлдөп турушат.
Ошондой эле оруп-жыйноо иштерине байланыштуу күйүүчү май Нарын шаарындагы баа менен жеткирилип, элге жеткиликтүү шартта таратылып жатат. Мындан тышкары айыл калкы күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк менен камсыздалууда.