Бообек Ажикеевге “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды.