Мектеп мугалимдерине ноутбуктар берилүүдө
Новость

Өлкөдө буга чейин мугалимдерге 27 миң ноутбук берилди, дагы ушунча компьютерди быйыл ноябрга чейин тапшыруу пландалууда. Ошондо мугалимдерге жалпысынан 54 миң ноутбук берилет. Бул тууралуу бүгүн Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  мугалимдерди заманбап техника менен мындай көлөмдө камсыз кылуу өлкөнүн билим берүү тармагынын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Сатып алуудан мурда ноутбуктар үч айлык тестирлөөдөн өтүп, шаардык жана айылдык мектептерден 220 педагог анын сапатын текшерип көргөн. Анын жыйынтыгында ноутбуктар бардык категориялар боюнча жогору баа алган.

Долбоордун жалпы наркы болжол менен 2,5 млрд сом.