Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып санариптик платформалар (агрегаторлор) алардын кызматтарын колдонгон таксисттер жана курьерлер үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй баштайт.
Жаңы тартипке ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби киргизилет.
Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат.
Салык жеке кирешенин белгиленген пайызы боюнча автоматтык түрдө эсептелет:
- 2025–2028-жылдарда – 1%
- 2028–2030-жылдарда – 2%
- 2030-жылдан тартып – 5%
Мисалы, эгерде айына 30 000 сом киреше түшсө, 2025–2028-жылдары салык 300 сомду түзөт. Бул сумманы агрегатор кармап калып, мамлекеттик бюджетке которот.
Бул өзгөртүү жарандардын салыктык жүгүн жеңилдетүүгө, өз алдынча иштегендер үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган.