Кечээ, 24-август күнү түштөн кийин жааган нөшөрдүн кесепетинен Тоң районунун Б. Мамбетов айыл аймагында сел жүрдү. Саат 15:00дөр чамасында кокту-колоттордон түшкөн суу Ак-Сай айылынын Ж. Жамгырчиев көчөсүн каптап, 10 турак үйдүн короосуна кирген. Алардын ичинен 5 үйдүн ичине чейин суу толуп кеткен.
Кырдаалга ыкчам чара көрүү максатында Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Э. Муканбетов жетекчилик кылган №38 ӨКБнын ыкчам тобу тартылды. Ишке жарандык коргонуу кызматтары, айыл өкмөтүнүн жана жеке менчик экскаваторлору, суу түтүк ишканасынын ассенизатору, ошондой эле №38 ӨКБнын мотопомпасы катышып, турак үйлөрдөгү суулар толук чыгарылды.
Мындан тышкары, Эшперов айылындагы бир турак үйгө да суу кирип, ал жердеги суу ассенизатор унаасы аркылуу сордурулуп тазаланды.
Бүгүн, 25-августта, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан сел кирген турак үйлөрдү тактоо жана баалоо иштери уланууда.