Башкы прокуратура алимент төлөөдөн баш тарткандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Демилге соттун чечимдери же алименттик келишимдер аткарылбай калган учурларга тиешелүү:
- Эгер ата-эне өз балдарына же бойго жеткен, бирок эмгекке жарамсыз балдарына багуу үчүн каражатты төлөөдөн баш тартып, бир жыл ичинде үч ай катары менен карызын төлөбөсө, үч суткага камоо сунушталууда;
- Кайталанып мыйзам бузган учурда жети суткага камоо каралууда;
- Ошондой эле, эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж ата-энесин үч ай катары менен багуудан баш тарткан балдарды үч суткага камоо демилгеленип жатат.
Бул мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда турат.