Ташиев: Бишкекте соттор уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн бошотуп жиберген
Новость

Бишкектеги соттор уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн бошотуп жиберген. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кызыл-Октябрь айылындагы жолугушууда айтты. 

Анын айтымында, биринчи инстанция жети жылга кесип, экинчи инстанцияда аларды бошотуп жиберген. Мындай чечими үчүн Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткен.