Маданият кызматкерлери мамлекетке 27 млн. сом зыян келтиргени аныкталды
Новость

Маданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн. сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзгөн.

Натыйжада 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, Министрликке караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп,  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.