Ош облусунда милиция кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бир жарандын канынан баңгизаттын изи табылганын айтып, наркологиялык экспертизанын жыйынтыгын өзгөртүп, ишти оң чечип берүү үчүн андан 40 миң сом талап кылган.
Майор 20-августта 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.