Баткен облусунун жетекчиси Айбек Шаменов бүгүн Баткен шаарында курулуп жаткан 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушунан кабар алганын облус бийлигинин басма сөз кызматы билдирди. Облус башчысы курулуштун жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпоону жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Стадиондун аймагында 120 кишилик, беш кабаттуу жатакана комплекси курулууда. Учурда жатакананын биринчи кабатынын курулушу аяктоодо.
Аны менен катар стадионду суу менен камсыз кылуучу суу кампалары курулду. Алдыда стадиондун аймагында 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай да салынат.
Жумуш күчү, техника, курулуш материалдары жетиштүү. Курулуш өз нугунда жүрүүдө.
Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык, эл аралык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.