Ташты кайра иштетүүчү "Талас-Таш" заводу ишке кирди
Новость

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата Таласта гранит таш майдалоочу ишкана пайдаланууга берилди.

Ишкана облустун Манас районундагы Чоң-Капка айылында жайгашкан. "Талас-Таш" ташты кайра иштетүүчү заводу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси менен курулуп, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. 

Завод заманбап жабдуулар менен камсыздалып, эл аралык талаптарга жооп берет. Заводдун ишке кириши менен 30-40 жумшчу оруну түзүлдү. Өндүрүлгөн продукция Бишкек шаарына сатылууда.