Көк бөрү: "Сары-Өзөн" командасы "Ак-Сууну" 8:3 эсебинде утту (видео)
Новость

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча оюндардын экинчи күнүндө "Сары-Өзөн" менен "Ак-Суу" командалары күч сынашты.

Биринчи таймда "Сары-Өзөн" командасы 4:0 эсебинде алдыга чыкты. Экинчисинде дагы "Сары-Өзөндүн" үстөмдүгү менен өтүп, эсеп 7:1 болду. Үчүнчү беттештин жыйынтыгы менен "Сары-Өзөн" "Ак-Сууну" 8:3 эсебинде жеңип, чечкиндүү жеңишке жетишти.

Оюнда өзгөчө айырмаланган "Сары-Өзөн" командасынын оюнчусу Аскат Аскаров мыкты оюн көрсөттү.