Нарындын “Намыс” командасы “Бийиктикти” 12:1 эсебинде утту (видео)
Новость

 Чолпон-Ата шаарында Эгемендиктин 34 жылдыгына арналып өтүп жаткан Көк бөрү мелдешинде учурда үчүнчү оюн жыйынтыкталды.

Анын жыйынтыгы менен "Намыс" командасы ири эсеп менен жеңишке жетишти.

Күндүн биринчи оюнунда "Сары-Өзөн" менен "Ак-Суу" командалары ат салышты. Таймаштын жыйынтыгында "Сары-Өзөн" командасы 8:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.

Экинчи оюнда “Достук” менен “Казарман” күч сынашты. Биринчи таймда Достук 3:0 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи  беттеште 7:1 менен аяктады. Ал эми соңунда Достук Казарманды 9:1 эсебинде утуп, жалпы оюнду ишенимдүү жыйынтыктады.

Ал эми үчүнчү оюндун алгачкы беттешинде “Намыс” командасы“Бийиктикти”  2:0 эсеби менен утту. Экинчи таймды “Намыс” 7:1 эсеби менен аяктап, жыйынтыктоочу беттеш 12:1 эсебинде “Намыс” командасынын пайдасына чечилди.

Оюнда "Намыс"командасынын оюнчусу Дастан Русланов эң мыкты оюн көрсөттү.