1-сентябрдан тартып Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, «Яндекс Такси» жана «Яндекс Жеткирүү» аркылуу иштеген айдоочулар менен курьерлердин кирешесинен 2% өлчөмүндө төлөмдөр кармала баштады. Бул сумма 1% киреше салыгынан жана 1% социалдык камсыздандыруу төгүмүнөн турат. Мурдагыдай 10% төлөөнүн ордуна эми болгону 1% гана киреше салыгы алынат. Бул тууралуу маалыматты "Яндекс" өз тиркемеси аркылуу таратты.
Мындай милдеттүү төлөмдөр боюнча Сервис салык агенти катары ишин аткарат. Сервис салык агенти «Яндекс Такси» жана «Яндекс Жеткирүү» аркылуу буйрутмаларды аткарган айдоочулардын кирешесинен 2% өлчөмүндө киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калып, мамлекеттик бюджетке которот. Кармалган суммалар «Яндекс Про» тиркемесинин «Баланс» бөлүмүндө көрсөтүлүп турат.
Салык төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Салык кызматына кийинки айдын 15инен 20сына чейин которулат. Мисалы, сентябрда кармалган акчалар 20-октябрга чейин мамлекеттик бюджетке түшөт. Төлөм тууралуу билдирүү «Яндекс Про» чатында чыгат.
Айдоочулар жана курьерлер кармалган суммаларды «Яндекс Про» тиркемесинде «Акча» бөлүмүнө кирип, «Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү» деген жерден көрө алышат. Бул бөлүмдө күнүмдүк, апталык же айлык кармалуулар көрсөтүлөт.
Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев УТРКнын сайтына акыркы бир жыл ичинде бишкектиктер Яндекс таксиге 4,5 млрд сом коротконун билдирген.
Анын айтымында, Бишкектеги такси кызматынын 97 пайызын Яндекс аткарат. Башка компаниялар 3 пайыз гана кызмат көрсөтөт.
Мындан тышкары Яндекске бир канча талаптар коюлган. Алардын арасында жүргүнгүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана эскилиги жеткен унааларды таксиге чыгарбоо талаптары да бар.
Ушул жылы 29-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада "Яндекс. Такси Корп" жана анын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылганы белгилүү болгон.
Былтыр 10-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахридин Шабазов “Яндекс” такси кызматы Кыргызстанда айына 10 млн. доллар акча табарын айткан.
Ошондой эле депутат “Яндекс” такси ар бир буйрутмасы үчүн 21 пайыз комиссия алып жатканын дагы кошумчалаган.