Нарын облусунун Нарын-Орук-Там унаа жолунун 39-чакырымындагы кулаган Куюш көпүрөсүнүн ордуна жаңы темир көпүрө орнотулууда. Бул тууралуу №8 Жол тейлөө мекемесинин башчысы Кубанычбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, көпүрөнүн тирөөчтөрүн бекемдөө үчүн бетон куюу иштери аяктап, учурда узундугу 33 метр болгон темир конструкцияны монтаждоо иштери жүрүп жатат. Курулушка республикалык бюджеттен 18,6 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Кубанычбек Бейшеналиев белгилегендей, аталган жолдун 60-чакырымында дагы жыгачтан салынган авариялык абалдагы көпүрө бар. Аны алмаштыруу боюнча долбоор быйыл сунушталган.
13-августта авариялык абалдагы Куюш көпүрөсү жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда ортосунан сынып, унаа Нарын дарыясына түшүп кеткен. Сууга агып кеткен айдоочунун сөөгү эки күндөн кийин табылган.