Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн ефрейтор менен прапорщик кармалды
Новость

Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор жоокерге физикалык зомбулук көрсөткөнү үчүн шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси жок аскер кызматчыларынын ортосундагы уставдык эрежелерди бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ефрейтор Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерге зомбулук жана кыйноо көрсөтүү фактысы боюнча дагы кылмыш иши козголду. Шектүү катары бөлүмчө командири, прапорщик кармалып, Бишкек гарнизонунун аскер гауптвахтасына киргизилди.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абаддагы аскер бөлүктө контракт менен кызмат өтөгөн жоокер сабалган тасма тараган. Окуя 2-сентябрга караган түнү болгон.