Непалда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок
Новость Непалдагы нааразылык акциялары. Катманду, 9-сентябрь, 2025.

Непалда жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун Кыргызстандын Индия жана Непалдагы элчиси Аскар Бешимов билдирди.

Элчинин айтымында, Непалда жалпы жонунан он чакты кыргыз жараны жашайт. Алардын арасында ар кандай эл аралык уюмдарда иштегендер, турмушка чыккандар бар. 

“Башаламандык болуп жаткан баш калаа Катмандуда эки жараныбыз бар.  Коменданттык саат киргизилгендиктен эч ким үйдөн чыкпайт. Калган кыргыздар тоо жактагы Покхара шаарына жакын жашайт. Ал жак тынч эле. Непалга көбүнесе эс алуучулар ноябрь-март айларында тоого чыгуу үчүн келет, учурда туристтер жокко эсе”, - деди элчи.

Непалда эки күн мурда башталган ири нааразылык акциялары учурунда 1908-жылы курулган Сингха Дурбар сарайы өрттөлдү. Тополоң тутанышына бийликтин эл арасында эң популярдуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөө чечими себеп болгон.

Өздөрүн "Z муундун протести" деп атаган митингчилер, жаалданган топтор президенттин, парламенттин жана жогорку соттун, полициянын кеңселери жайгашкан имараттарды талкалап, аткаминерлер жашаган үйлөргө кол салышты. 

Соңку маалыматтарга караганда, башаламандыкта каза болгондордун саны 25ке жетти, 633 адам жаракат алды.