Нарындын Ат-Башы районунда XV кылымга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо жана реставрациялоо жумуштары башталды. Оңдоо жумуштары "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында жасалат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тараткан маалыматка караганда, бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында министрликке караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.
Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында XX кылымдын 70-80 - жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып министрликтин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.
Таш-Рабат – XV кылымда таандык кербен сарай. Нарын шаарынан 125 чакырым алыс жайгашып, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Уникалдуу архитектуралык имарат таштан тургузулган. Бийктиги 20 метр, ичи лабринт өндүү бири-бири менен байланыштырган 31 бөлмөдөн турат. Ал Улуу Жибек жолунда соода кербендери токтоп эс алуучу жай катары кызмат кылган.