Кыргызстанда күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды
Новость

Бүгүн, саат 13:57де Кыргызстандын аймагында күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу алдын ала маалыматты ЦАИИЗдин Сейсмикалык эскертүү системасы берген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жер титирөөнүн кесепеттери жана так очогу тууралуу кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.