Кызыл-Суу айыл өкмөтү жаңы 15 техника алды
Новость

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтү айыл тургундарынын турмуш-шартын жакшыртуу максатында жалпы 19 даана айыл чарба шаймандары менен техникаларын мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу сатып алды.

Бүгүн, 12-сентябрда, техникалар мамлекеттик лизинг компаниясынын өкүлдөрү тарабынан айыл өкмөттүн муниципиалдык ишканасына тапшырылды.

Жаңы техникалар эгин айдоо, суу чачуу, түшүм жыйноо жана башка талаа жумуштарында колдонулат.

Бул кадам айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өндүрүштүн көлөмүн арттырууга жана жергиликтүү калктын эмгек шарттарын жеңилдетүүгө багытталган.