Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү пландалып жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди. Бирок бул план 2026-жыл үчүн каралууда.
Министрдин айтымында, учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сомдун тегерегинде.
"Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлө элек, кенже кызматкерлердин жана техникалык персоналдардын эмгек акысы мурда көтөрүлбөй калгандыктан көбөйтүлгөн. 2026-жылы дарыгерлердин маянасын 50%га көтөрүүнү пландап жатабыз”, - деди министр.
Министр Эркин Чечейбаев азыр баштапкы баскычтагы ординатор-дарыгерлердин айлыгы 20 миң сомдун тегерегинде экенин да кошумчалады.