«Аю» көп профилдүү холдингинин ээси Ш.Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шаршенбек Абдыкеримов тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Ал «Аю» холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Шаршенбек Абдыкеримов тарабынан мамлекеттин балансына жалпы наркы 10 млрд. сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилген.