Бүгүн Манас районунун Үч-Коргон айылында алгачкы жолу бала бакча пайдаланууга берилди. Буга чейин айылда бир да бакча болбогондуктан, ата-энелер балдарын коңшу айылдардагы мекемелерге ташып келишчү.
Жаңы бакчанын имараты мурда башталгыч мектептин корпусу болуп келген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мектептерди оптималдаштыруу демилгесинин негизинде ал бала бакчага өткөрүлүп берилди.
Капиталдык оңдоого түрткү берүүчү гранттын эсебинен 3 млн. сом бөлүнсө, Үч-Коргон айыл өкмөтү 1 млн. 300 миң сом кошту. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан дагы 1 млн. сомдук колдоо көрсөтүлдү.
Азыркы учурда айылда 1,5 миңге жакын киши жашайт. Алардын ичинен бакча жашындагы 88 наристен 75и жаңы ачылган мекемеге тартылды. Калган 13ү кезекте турат.